Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

15 жаштагы Зиядуллого операцияны министр Сабырбек Жумабеков жасады


Бүгүн Улуттук ортопедия жана травматология борборунда июнь окуяларында үч ок тийген 15 жаштагы Зиядулло Журабаевге операция жасалып, анын тизесиндеги ок алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош окуясында зыян тарткан балдарды колдоо үчүн түзүлгөн демилгечи топтун мүчөсү Алмаз Исманов билдирди. Анын айтымында, операцияны саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков өзү жасап, тизедеги окту алуу кеминде 45-50 мүнөткө созулду. Эми дарыгерлер Зиядуллонун башка органдарына тийген октун калдыктары качан алынарын тактап жатышат.

Буга чейин 15 жаштагы Зиядулло Журабаев Оштон учуп келип, Бишкектеги Улуттук урология борборуна жаткырылган. Ошто Зиядуллого төрт жолу операция жасалып, бирок жергиликтүү дарыгерлер октун бир сыныгын чыгара албай коюшкан. Зиядуллого Саламаттык сактоо министрлиги бекер операция жасоого макул болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG