Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Жалал-Абадда “Хизб-ут Тахрирдин” бир мүчөсү кармалды

26-январда кечки саат жетилер чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 29 жаштагы тургуну “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү деген шек менен кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Суусунбаев билдирди. Шектүү адам Кара-Көл - Камбар-Ата жолунда “Пассат” автоунаасы менен кетип бара жатканда кармалган. Анын машинасынан диний-экстремисттик маанайдагы 32 китеп жана баракчалар табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда “Хизб-ут Тахрирдин” үч мүчөсү кармалганы жана Таласта бул уюмга тиешелүү китептер табылганы кабарланган эле. (KKs)
XS
SM
MD
LG