Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Прокурор Санжар Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратууну өтүндү


Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер сотунун имаратында Чүй облустук соту тарабынан Санжар Бакиев баштаган беш адамдын апелляциялык арызы каралып, анда тараптар өз пикирлерин билдиришти. Анын жүрүшүндө прокурор буга чейинки соттун өкүмүн жумшак деп таап, Санжар Бакиевди 25 жылга, Бектурсун Келдибековду 12 жылга, Замир Нуриев, Базарбай Арзыкулов жана Мирлан Ахмедовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Бул тууралуу Санжар Бакиевдин коомдук жактоочусу Бүбүайша Арстанбекова “Азаттыкка” билдирди.

Анткен менен айыпталуучулардын жактоочулары соттук жараяндын жүрүшүндө соттолуучуларга коюлуп жаткан кинелер далилденбегенин айтышып, прокурорго жана сотко бийлик тарабынан басым жасалганын белгилешти. Иш күнү аяктаганына байланыштуу бул соттук териштирүү 1-февралда улана турган болду.

Мурдагы президенттин тууганы Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. (KKs)

XS
SM
MD
LG