Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Казак президенти жылдык кайрылуусун жасайт


Нурсултан Назарбаев жыл сайын элге жасоочу салттык кайрылуусу менен бүгүн парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөйт. Учурда Казакстанда Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн 2020-жылга чейин референдум аркылуу узартуу маселеси талкууланууда. Демилгелүү топ бул маселени референдумга коюу үчүн 5 миллиондон ашуун кишинин колун топтоп койгон.

Казак парламенти демилгени колдоп, бул үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам да кабыл алган. Бирок президент тарабынан соңку чечим чыгарыла элек. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ушул аптада Вашингтондо, казак тышкы иштер министри Канат Саудабаев менен жолугушуу учурунда референдум демилгесин сынга алып, бул демократиядан чегинүү болорун белгилеген.

XS
SM
MD
LG