Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

Жогорку Сот Бакиевдердин жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок


Бүгүн Жогорку Сот апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Курманбек, Жаныш жана Марат Бакиевдердин жактоочуларынын көзөмөл арызын карап, алардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. Маалыматка ылайык, Бакиевдердин жактоочулары апрель окуяларын караган судья Жакыпбек Бектемировдун 29-ноябрдагы чечимин күчүндө калтырып, 15-декабрдагы Аскер сотунун чечимин четке кагуу боюнча көзөмөл арызын Жогорку Сотко беришкен. Натыйжада Жогорку Соттун чечими менен алардын арызы четке кагылып, апрель окуясы боюнча соттук териштирүү кайра баштан жаңы соттук курамда улана турган болду.

Буга чейин өткөн жылдын 29-ноябрында апрель окуяларын карап жаткан судья Ж. Бектемиров сотко катышпай жаткан Бакиев баштаган аткаминерлердин ишин апрель окуясы боюнча соттук иштен бөлүп кароого токтом кылган. Башкы прокуратура буга макул болбой, бул токтомду жокко чыгаруу боюнча Аскер сотуна арыз менен кайрылган. Бул арыз 15-декабрда Аскер сотунда каралып, судья Жакыпбек Байтемировдун токтому четке кагылып, Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык 7-апрелдеги өкмөт үйүнүн алдындагы ок атууларга тиешеси бар деп айыпталып жаткан Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Марат Бакиев, Мурат Суталинов, Жаныш Бакиев жана Эсен Байыш улуунун иштери апрель окуясы боюнча башка иштер менен чогуу карала турган болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG