Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Иорданиялыктар да саясый реформаны талап кылышты


Амманда жана башка шаарларда бүгүнкү жума намаздан кийин миңдеген иорданиялыктар көчөгө агылып, саясый-экономикалык реформаларды өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Аммандын ортолук майданына чыккан 3 миңдей адам Египеттин желектерин булгап, мисирлик демонстранттарга тилектештик билдирген ураандарды кыйкырышты. Ирбид жана Карак шаарларында “Мусулман агайиндер” кыймылы уюштурган анти-өкмөттүк демонстрацияга, Иордан полициясынын кабарлашынча, 2 миңдей адам катышты. Падыша Абдулла элге айрым саясый реформалар жасалат деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG