Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 30-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо гана жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -2…+3, күндүз 6…11 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -4…+1 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градуска барабар, Нарын облусунда -14…-19, күндүз -6…-11 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градуска чейин жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 9…11 градус жылуу болоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG