Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Оштогу УКМК башкармалыгы кармалган милициялар тууралуу түшүндүрмө берди


Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси Турат Асанбаевдин бүгүн журналисттерге берген маалыматы боюнча, 28-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери Руслан Абдыкаров менен Жылдызбек Назаров жана аталган башкармалыкта практикадан өтүп жаткан Мурадул Юсупжанов пара алды деген шек менен камакка алынган. Аталган адамдардын буга чейин да коррупциялык иш-аракеттерге аралашып жүргөнү маалым болгондуктан, бардык материалдар аймактык прокуратурага тапшырылды. Т. Асанбаев окуянын чоо-жайын прокуратура органдары териштире турганын белгиледи.

Кармалгандардын элүүгө жакын жакындары жана аларды колдогон айрым милиция кызматкерлери камакта жаткан үч адамдын күнөөсү жок экендигин, аларды бошотуу керектигин айтышып, Оштогу УКМК башкармалыгынын алдында митингин улантышууда. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдагандай, чогулгандардын айрымдары түштөн кийин УКМК башкармалыгынын имаратына күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада бир аял жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алар талаптары аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта бере тургандыктарын айтышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG