Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

31-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 31-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо гана жаан-чачын болушу мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетсе, Ысык-Көл акваториясында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -4…+1, күндүз 4…9 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градуска барабар, Нарын облусунда -14…-19, күндүз -2…-7 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градуска чейин жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... 1 градус, күндүз 7…9 градус жылуу болоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG