Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Египетте президентке каршы демонстрациялар уланууда


Египетте дээрлик бир жумадан бери көчө чыгуулары уланууда. Оппозициядагы саясатчы Мухаммед эл-Барадейи жекшембиде Каир шаарында президент Хосни Мубаракка каршы көтөрүлгөн демонстранттардын алдына чыгып сүйлөдү. Президент болсо ири шаарларда чукул кырдаал режимин узартуу буйругун берди. Полиция менен катар демонстранттарга каршы кайрадан куралдуу күчтөр жиберилди. Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты эл-Барадейи Си-Эн-Эн каналына берген интервьюда Хосни Мубарак бийликтен кетип, улуттук биримдик өкмөтүнүн куралышына шарт түзүшү керек деди. Ал ошондой эле АКШ Египетте демократиялык реформаларды ишке ашырууга үндөп, ошол эле маалда Мубаракты колдоп жатат деп расмий Вашингтонду сындады. Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттиктин мурдагы жетекчиси эл-Барадейи атажуртундагы саясий өткөөл процесстерге жардам берүү үчүн бейшембиде Венадан Каирге кайтып келген. Кечээ (30-январда) Египеттеги ири оппозициялык топ – Мусулман Агайындары уюму Мубарактын режими менен сүйлөшүүлөрдө эл-Барадейинин арачы болушун колдоорун билдирди.
Бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз жарандарын зарыл иши болбогон шартта Египетке барбай турууга үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG