Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Уюшма кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү колго түштү


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш-иликтөө бөлүмү уюшма кылмыш тобунун дагы бир активдүү мүчөсү кармалганын билдирди. Колго түшкөн адамга Кылмыш кодексинин 170-беренсине ылайык “опузалоо” деген айып боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, кармалган адам буга чейин Кылмыш кодексинин 168-беренеси менен соттолуп чыккан.

Ички иштер министрлиги кечээ уюшма кылмыш тобунун үч мүчөсү колго түшкөнүн маалымдаган. Алардын бирөөнө Кылмыш кодексинин 170-беренеси боюнча опузалоо, калгандарына 246-беренеге ылайык баңги заттарды мыйзамсыз сактоо, даярдоо деген айыптар тагылууда. Бул кармалгандардын бардыгы буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын бирөө Токмок шаарын көзөмөлдөп келген.

ИИМ буга чейин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган Алмамбет Анапияевди камакка алуу боюнча санкция берилип, ага издөө жарыяланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG