Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Казактар Кыргызстанга бир катар чектөөлөрдү алууда


30-январда Астанада Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунда убадалашты. Тараптар эки өлкө ортосунда экономикалык алака-катышты мындан ары өнүктүрүү үчүн жакынкы күндөрү өкмөттөр аралык кеңештин отурумун, андан соң бизнес-форум өткөрмөй болушту. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда Кыргызстандан Казакстанга эт-сүт азыктарын экспорттоого үч жыл мурун киргизилген тыюуну алып салуу жолдору талкуулады. Мындан тышкары, Казакстанга кыргыз электр энергиясын сатуу маселеси тууралуу сөз болду. Нурсултан Назарбаев коңшу мамлекетти колдоо үчүн 20 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты алдын ала төлөөнү өз өкмөтүнө тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG