Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Жарандык коом энергетиканы көзөмөлгө алат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев энергетиктер менен жарандык коом өкүлдөрүнүн жолугушуулар түрмөгүн өткөрүү боюнча токтомго кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, эми “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Жалалабадэлектро”, “Ошэлектро”, “Кыргызгаз”, “Кыргызтелеком” жана “Бишкекжылуулуктүйүн” ачык акционердик коомдору менен жарандык коомдун өкүлдөрү энергетиканын көйгөйлөрүн, андагы кыңыр иштерди жоюу жолдорун биргеликте талкуулашмакчы. Өкмөт ушул жол менен жарандык коомдун тармакты көзөмөлдөөсүнө шарт түзүүдө деп жатышат. Жолугушуулар маал-маалы менен жана маалымат каражаттарынын катышуусунда өтө турган болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG