Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

“Андашты” иштетүүгө каршы болгондор бүгүн да чыгышты


Өкмөт үйүнүн алдында азыр Таластагы “Андаш” кенин иштетүүгө каршы нааразылык акция уланууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага жүздөй адам катышып жатат. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен жолугушууну, “Андаш” кенин иштетүүгө берилген лицензиянын жокко чыгарууну талап кылышууда. Маалыматка караганда спикер Келдибеков акцияга чыккандардын өкүлдөрү менен жолугушууга убада берген.

Таласта айрым жергиликтүү тургундар кен иштетилсе, аймак экологиялык капсалаңга кабылат деп нааразы. Өз кезегинде “Андаш Майнинг Компани” аталган алтын-жез кенин иштетүү табиятка запкысын тийгизбесин, атап айтканда, кен иштетүүдө уулуу зат - цианид колдонулбасын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG