Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Каржы полициясынын милдети салык кызматына жүктөлөт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Оштогу иш сапары маалында билдирди. Анын айтымында, мындай демилге он күн ичинде жүзөгө ашырылат жана бул чечим парламенттик комиссиянын иликтөөлөрүнүн негизинде кабыл алынган. “Жарандар каржы полиция кызматкерлери көп ыгы жок текшерүүлөрдү уюштура берет деген дооматтарын айтып жатышат. Эгер бул структура бизнестин өнүгүшүнө жолтоо болуп жатса, муну жоюш керек. Бул маселе өкмөттө жана парламентте да каралат”,-деди Р. Отунбаева.

Каржы полициясы кызматы мындан он жети жыл мурун салык инспекциясынын базасында түзүлүп, салык жашыруу, мыйзамсыз ишкердик жана аткезчилик сыяктуу экономикалык кылмыштардын түрлөрү менен күрөшүү максатын аркалап келет. (ES)

XS
SM
MD
LG