Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 07:40

Ирландияда 25-февралда эрте шайлоо болот


Ирландия өкмөтү 25-февралда эрте шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Анын алдында премьер-министр Брайн Коуэн парламентти таркатты. Өкмөт башчынын кызмат мөөнөтү 1 жылдан кийин соңуна чыкмак. Ал жакында башкаруудагы партиянын лидерлигинен кеткен. Өткөн ноябрда евро мейкиндиктеги кризис Ирландия экономикасын ири кризиске такаган. Өткөн өкмөт экономикалык саясатты туура эмес жүргүзгөн деген сынга кабылган. Андыктан Коуэндин башкаруудагы партиясы келээрки шайлоодо утулуп калат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG