Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Эрдоган Кыргызстандагы парламентик башкарууну колдойт


Бүгүн Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Кыргызстан Борбордук Азияда болуп көрбөгөн башкаруу системасын тандап алды. “Парламенттик башкаруу системасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тажрыйбадан өткөн. Кыргызстанда бул системанын келечегинен күмөн саноонун кереги жок”,-деди Эрдоган. Өз сөзүндө Түркиянын өкмөт башчысы азыркы Кыргызстан өкмөтү менен парламенттин алдында бир катар маанилүү милдеттер бар экенин, коалициялык өкмөт милдеттерди аткарып кетерине ишенээрин билдирди. Эрдоган мунун алдында кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев, президент Роза Отунбаева жана парламент спикери Акматбек Келдибеков менен жолугушууларды өткөрдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG