Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн бүгүн кабыл алынган мыйзам президент Нурсултан Назарбаевге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Казак президенти ушул дүйшөмбү күнү анын бийлик мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу боюнча сунуш кылынган референдумдан биротоло баш тартып, мунун ордуна эрте шайлоого барарын жарыялаган. Эрте шайлоонун зарылдыгын Назарбаев “элди бириктирүүчү формула” деп түшүндүрдү. Анын азыркы бийлик мөөнөтү 2012-жылы аяктамак. Казакстанда сунушталган референдумду АКШ жана Евробиримдик сынга алган болчу.