Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Каирдеги кагылыштан көптөгөн киши жаракат алды


Кагылышуу президент Хосни Мубарактын арасында атчандар да, төөчөндөр да бар жактоочулары анын кызматтан кетишин талап кылып жаткан миңдеген демонстранттар бир нече күндөн бери турган Тахрир аянтына кирип барган кезде тутанды.

Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, атчан келгендердин айрымдарын аянттагылар оодарып түшүштү. Маалымат агенттиктери кеминде 26 киши жаракат алганын кабарлашты. Бирок чехиялык журналист Милан Шима “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Каирден ал кагылышта жүздөгөн адам жаракат алганын көргөнүн билдирди.

Мубарак кечээги телекайрылуусунда быйыл сентябрда, азыркы бийлик мөөнөтү аяктаганда, кайра шайланууну көздөбөсүн, бирок ага чейин кызматтан чегинбей тургандыгын айткан.

Мубарак мындай жарыяны бир аптадан ашуунга созулган нааразылык акциялары кечээ көчөгө чыккандар санын жүз миңдеген кишиге жеткирген соң жасады. Бирок оппозициядагы “Мусулман агайындар” кыймылы бүгүнкү билдирүүсүндө Мубарактын тез арадан кызматтан чегинишине альтернатива жоктугун белгиледи.

Египет армиясы бүгүн демонстранттардын талабы бийлик тарабынан угулганына токтолуп, аларды кадимки турмушка кайтууга чакырды. Мурдараак армия көчөгө чыккан элдин “талабы мыйзамдуу” болгондуктан, күч колдонбой тургандыгын айткан.

XS
SM
MD
LG