Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Донорлор Беларустун жарандык коомуна120 миллион доллар убада кылды


Мындай жарыяны Варшавадагы бүгүнкү конференциянын соңунан поляк тышкы иштер министри Радослав Сикорски жасады. Жыйын Беларуста Александр Лукашенконун кайра шайлануусу менен аяктаган талаштуу шайлоодон кийинки демонстрация күч менен басылып, оппозиция активсттери куугунтукталып жаткан шартта өттү. Донорлордун жардамы Беларуста адам укуктары менен демократияны колдоо үчүн көргөзүлөт. Варшавадагы жыйынга 36 өлкө катышты.

Европа биримдиги өз жардамын төрт эсеге жогорулатып, 2011-13-жылдардын аралыгында мунун акчалай көлөмүн азыркы төрт миллион евродон 15,6 миллион еврого чыгарат.

Бүгүнкү жыйынга чейин АКШ менен Евробиримдик Беларус бийликтерине каршы жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алган. Ал санкцияга ылайык маселен президент Лукашенконун өзү жана анын режиминин 156 өкүлү Евробиримдик аймагына киргизилбейт.

Бул аралыкта бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Александр Лукашенконун оппозицияны куугунтукташы кабыл алынгыс экендигин белгилеп, бирок Батыштын жаңы санкцияларында “саясий жүйөө бар деп айтты.

XS
SM
MD
LG