Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Аба ырайы


Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча 5-февралда мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт, айрым жерлерде жаан мол жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4 градус сууктан +2 градуска чейин, күндүзү -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин көтөрүлөт, ал эми күндүзү -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7 градус сууп, күндүзү -4 градустан +1 градуска чейин жогорулайт. Нарында түнкүсүн -7...-12 градус, күндүзү -6...-11 градуска төмөндөйт. Тоолордо түнкүсүн -15...-20, күндүзү -6...-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгил менен жаан-чачын күтүлөт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1...+1 градус, күндүзү -1...-3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG