Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Каир кайра ири демонстрацияга камданууда


Египет президенти Хосни Мубаракты президенттиктен кетүүгө чакырган Каирдин ортолүк бөлүгүндөгү демонстрацияга он миңдеген адам келип кошулууда. Александрия шаарында да миңдеген адам чогулганы кабарланууда.

Мубаракчылар менен анти-өкмөтчүлдөрдүн 2-февралдагы кагылышынан кийин Каирдин Тахир аянтын тегерете аскерий бекеттер коюлган.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Египетте кырдаал акыркы күндөрү осолдоп кеткенин айтып, Тунистен башат алган толкундоолор дүйнө лидерлери элдин чыныгы үнүн кунт коюп угуш керек деди.

"Тилекке каршы, соңку күндөрү жагдай өтө кооптуу болуп баратат. Зобун-зордуктар жана коркутуулар токтотулуш керек. Айрыкча, эл аралык медианы, журналисттерди жана адам укугун коргоочу топторду чектөөлөргө ынанып болбойт",-деди БУУнун баш катчысы Берлиндин Гумбольт университетинин студенттери менен бүгүн болгон кездешүүдө.

XS
SM
MD
LG