Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Чечен козголоңчусу: Орусияда дагы кан төгүлөт


Интернеттеги www.kavkazcenter.com сайтындагы видеодо өзүн Доку Умаров деп атаган киши орус аскерлери Түндүк Кавказдын аймагынан алынып кетпесе, дагы бир жыл жаш менен аралаш кан суудай агат деп эскертти.

4-февралда интернетке коюлган видеодо Москвада өткөн айда 36 киши, анын ичинде бир кыргыз жараны курман болгон жардыруу тууралуу сөз кылган жок.

46 жаштагы Доку Умаров Түндүк Кавказда Орусиядан көз карандысыз жана исламдык шарият мыйзамы менен башкарылган бирдиктүү мамлекет курууну максат кылат. Анын колдоочулары буга чейинки бир катар кандуу чабуулдарды биз уюштурганбыз деп айтышкан.

XS
SM
MD
LG