Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Египетте оппозиция бийлик менен сүйлөштү


Вице-президент Омар Сулейман менен жолугушкан оппозициячыл топтор сүйлөшүү «позитивдүү» болгондугун, бирок өздөрүнүн талаптары боюнча жылыш жок экендигин билдиришти. Сүйлөшүү президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылгандардын 13 күн катары менен өтүп жаткан демонстраиясынан кийин болду. Өкмөт тараптар соттордун жана саясатчылардын комитетин түзүп, «март айынын биринчи аптасына карата» реформалар боюнча сунуштарды тактоого макулдашканын маалымдады. Өкмөт ошондой эле бийликке каршы демонстрацияга катышып жаткандарга карата жазалоочу чара көрбөөгө, сөз эркиндигин кысымга албоого сөз берди. Ошол эле убакта реформаларды президент Мубарак көзөмөлдөй тургандыгын кыйытты. Сүйлөшүүлөргө тыю салынган оппозициячыл "Мусулман агаиндер" партиясы да катышууда.

XS
SM
MD
LG