Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Египеттеги кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн Каирде штаб түзүлдү


Штабда Египеттеги кыргызстандык жарандардын жана өз мекенине кайтууну каалаган адамдардын тизмесин тактоо, аныктоо иштери жүрүүдө. 7-февралга карата Каир, Хургад, Таба, Александрия шаарларынан 175 жаран Кыргызстанга кайтуу нитетин билдиришкен. Алардын 37си 1-6 жаштагылар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинен үч өкүл кыргызстандык жарандардын абалы менен жеринен таанышуу үчүн Египетке учуп кетти. Эгер Египетте абал мындан ары да курчуй берсе ал жактагы кыргызстандык жарандар эвакуацияланат.

Сауд Аравия Королдугундагы жана Түркиядагы элчиликтерге Египеттеги Кыргызстан жарандарын эвакуациялоого алдын ала даярдык көрүү үчүн тапшырма берилди. Бул маселе алдын ала жардам берүү ниетин билдирген түркиялык тарап менен талкууланууда. ТИМдин маалыматы боюнча, Египеттеги окуяда жабыркаган кыргызстандыктар жок. Учурда Каирдеги штабда түз байланыш телефондору иштөөдө.( +201 524040700; +201 522780894) (КЕ)

XS
SM
MD
LG