Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Президент чек арадагы айыл тургундары менен жолукту


Бүгүн президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун кыргыз-тажик чегиндеги Максат айылында аймактагы 21 мектеп директору жана айыл тургундары жолугушту.

Жолугушууда коопсуздук жана чек ара маселелери да талкууланып, өкмөт тарабынан чек ара аймагындагы райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Лейлектиктер жашоо деңгээлин жакшыртууга байланышкан жана турак-жай курууга жер тилкелерин бөлүп берүүгө, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоого, ички жолдорду куруу маселелелерин чечип берүүнү суранышты. Мындан сырткары жаңы мектептерди куруу зарылдыгы, окуучулар кошуна айылдарга Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп барып окууга мажбур болуп жатышканы белгиленди. Президент айым бул маселелер көзөмөлгө алынарын убада кылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG