Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Каирде нааразылыкка чыккандардын митинги уланууда

8-февралда Тахрир аянтына миңдеген адам кайрадан чогулуп, президент Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылууда.

Египетте башкаруучу режимге каршы митингдердин башталганына 3 аптага аяк басты. Хосни Мубарак февралдын башында сыналгы аркылуу элге кайрылып, сентябрда мөөнөтү бүтмөйүнчө президенттиктен кетпей тургандыгын айтты.

8-февралда вице-президент Омар Сулейман өкмөт бийликти тынч жол менен өткөрүү планын иштеп чыкканын айтты. Ошондой эле ал нааразылыкка чыккандарга каршы эч кандай жазалоо чарасы көрүлбөстүгүн да билдирди.
XS
SM
MD
LG