Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Президент курултайдын юридикалык, саясий ордун тактоону сунуштады


Бул тууралуу өлкө президенти Роза Отунбаева бүгүн (9-февралда) аксакалдар менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчы курултай өткөрүүгө каршы эместигин, болгону аны бардык тараптар менен талкуулоо зарылдыгын жана курултайдын бир үй-бүлө кирешесине жол бербей, көзөмөл милдетин аткаруусу керектигин айтты.

Роза Отунбаева ушул эле жолугушууда өлкөнүн түштүгүндө баңгилик, уюшкан кылмыштуулук көйгөйлөрү курч экенин белгилеп, 5-10 жылда криминал бийликке чейин жеткенин кошумчалады. “Биздин кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчүбүз да, эркибиз да жетет. Бул үчүн бир гана биригишибиз керек”,-деди президент.

Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев курултайдын баркы кеткенин, бул бийликке жетүүнүн бир жолу катары болуп калганын белгиледи.

Бир катар саясый партиялар Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү демилгесин көтөрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG