Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын адистери чогулат


Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын негизги жыйыны 9-10-февраль күндөрү Бишкекте өтөт. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын бажы, энергетика, транспорт, миграция, айыл чарба тармактары боюнча адистер чогулуп, негизги жыйында каралчу маселелерди тактап, даярдык көрмөкчү. Маалыматка ылайык, комиссияга кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Орусия тараптан Бажы кызматынын төрагасы Андрей Белянинов жетекчилик кылышат.

10-февралда Орусиянын делегациясын президент Роза Отунбаева менен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алат деп күтүлүүдө. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык соңку комиссиясы 2009-жылы февраль айында өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG