Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:28

Быйыл бюджеттин көп бөлүгү экономика тармагына каралган


Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Евробиримдиктин жана ПРООНдун көмөгү менен 2011-жылдын бюджет долбоору боюнча парламенттик ачык угуу уюштурду. Экономисттер, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер катышкан бул жыйында бюджет долбоору чоң дефицит менен кабыл алынганы жатканы сындалды. Ошондой эле долбоор чала иштелип, көп каражат мамлекеттик администрация жана аткаминерлерге бөлүнгөнү айтылды.

Долбоордо саламаттыкты сактоо тармагына 5 млн. 689 миң, билим берүүгө 5 млн. 337, коргонуу комплексине 3 млн. 164 миң, коомдук тартип жана коопсуздукка 6 млн. 922 миң сом каралган. Экономикалык маселелерге 23 млн. сомдон ашуун каражат бөлүү пландалууда.

2011-жылдын бюджет долбоорунда ички дүң продукциясынын өлчүмү 245 млн. сом деп өлчөнүүдө. Анын 36% же 90 млн. сому жалпы коромдор. Бюджеттик дефицит 21 млн. 257 миң сом деп болжолдонууда.

Республикалык бюджеттин жаңы параметрдеги долбоору 26-январда өкмөт жыйынында жактырылган. Республикалык бюджеттин быйылкы долбоору парламенттеги бир катар комитеттердин кароосунан өттү, бюджет долбоору Жогорку Кеңештин жалпы отурумунун кароосуна 10-февралда чыгарылмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG