Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Италия: премьер-министрди жоопкерчиликке тартуу маселеси көтөрүлдү


Италияда прокуратура премьер-министрди кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Мындай өтүнүчтү сотко Милан шаарынын прокуратурасы жолдоду. Премьер-министр, 74 жаштагы Силвио Берлускони "жашы жете элек сойку менен сексуалдык байланышта болгон", "кызмат абалынан кынат пайдаланган" деп айыпталууда. Мыйзамга ылайык, сот ага жолдонгон өтүнүчтү кабыл алар-албасын бир нече күндүн ичинде чечет. Берлускони болсо ага коюлган айыптарды четке кагып, саясий атаандаштары уюштурган каралоо кампаниясынын курмандыгы болгондугун айтып жатат.

XS
SM
MD
LG