Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отуруму болот


Иш-чара бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, 12-отурумда эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуулардын 2009-жылы өткөн 11-отурумунун чечимдерин аткарылышы тууралуу маселе талкууланып, ошондой эле Кыргызстан менен Орусия өкмөтүнүн ортосунда 2011-2012-2013-жылдарга экономикалык кызматташуу программасы каралат.

2009-жылкы кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 11-отурумунун чечими боюнча орус тарап Кыргызстанга 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн жана тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан. Орус тарап ГЭСтин курулушу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүгө убада кылган. Кыргыз тарап бул үчүн "Манастагы" АКШнын аскердик базасын чыгарарын Москвада жарыялаган. Бирок ал аткарылбай, натыйжада Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушуна арналган долбоор токтоп калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG