Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Дыйкандарга 9% үстөк менен насыя акча берилет


Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, 9% үстөк пайыз менен дыйкандарга насыя берүү - азык-түлүк коопсуздугун сактоо, айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын колдоо максатында ишке ашырылат. Насыя берүү үстүдөгү жылы март айында башталып, алгачкы жарым жыл ичи үстөк пайыз гана төлөнөт, насыя акчанын толук карызынан дыйкандар бир жыл ичинде кутула алышат. Мамлекет коммерциялык банктар аркылуу дыйкандарга жана фермерлерге 9% үстөк менен 1 млрд. сом насыя акча берүүнү көздөөдө. Азырынча дыйкандарга насыя акча берүү укугу "Айыл банк", "Кыргызстан", "РСК банк" жана "Азия банкына" берилген. Насыя акча 200 миң сомго чейинки өлчөмдө күрөөгө (залог) берилет. Күрөөнүн түрү жөнүндө өкмөт маалыматында айтылган эмес.

Азыркы коалициялык өкмөттү негиздөөчүлөрдүн бири "Республика" партиясы парламенттик шайлоо убагында элге 7% үстөгү менен насыя акча берүүнү убада кылганы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG