Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

“Санпа” окуясы боюнча сот 15-февралда уланат


Ноокен районунда бүгүн (10-февралда) "Санпа" пахта иштетүүчү заводдун жанындагы адам өлтүрүү, башаламандык уюштуруу боюнча Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы тараптын апелляциялык арызын Жалал-Абад облустук соту карады. Соттук жараянда Сузак айыл өкмөт башчысы Арстан Сариев жана Атабеков айыл өкмөт башчысы Улукбек Хажиматов көрсөтмө беришти. Мындан сырткары мурда суралбай калган жабырлануулар жана соттолуучулардын күбөлөрү суралды.

Соттук материалдар боюнча "Санпа" заводунун айланасында он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, 44 киши жабырлануучу, 96 адам күбө катары катталган. Баштапкы сот 19 соттолуучунун он жетисин өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки айыпталуучуну 25 жылдан түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG