Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жогорку Сот төрайымы ЕККУнун Бишкектеги өкүлдөрүн кабыл алды


Жогорку Сот төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Эндрью Тесорьерди жана адам укугу боюнча кеңешчиси Синтия Шмите айымды кабыл алды. Жолугушуу учурунда Феруза Жамашева эл аралык уюмдун өкүлдөрүн Кыргызстандын сот системасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышы менен сот тармагын реформалоо боюнча көп аракеттер талап кылынып жатканын кошумчалады.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Эндрью Тесорьер сот системасын реформалоого жана соттордун адистигин көтөрүүгө уюм ар тараптан жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев «Азаттыкка» маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG