Санжар жана Акмат Бакиевдердин коомдук жактоочусу Бүбүайша Арстанбекова, ага карата кысым болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ ал Башкы прокуратуранын ага прокурору Алмаз Шоонаев тарабынан негизсиз чакырылып, Санжар Бакиевге чыгарылган өкүм боюнча маалымат агенттиктерине берген интервьюсу тууралуу суракка алынган. Ал интервьюда Арстанбекова Санжар Бакиевге чыгарылган өкүм адилетсиз экенин, Башкы прокуратура менен президенттин администрациясынын башчысы сотко басым жасаганын айтып чыккан болчу. Мындан улам жактоочу айым Бакиевдин жакындарынын таламын талашып жатканы үчүн куугунтукка кабылып, артынан акмалагандар болуп жатканын айтууда.
Башкы прокуратуранын ага прокурору Алмаз Шоонаев болсо Бүбүайша Арстанбекованы эч ким, эч кандай кысымга албаганын, Башкы прокуратурага карата олуттуу айыптоолор тагылганына байланыштуу бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо максатында жайма-жай эле чакырылганын билдирди. Прокуратуранын өкүлү “Башкы прокуратура Санжар Бакиевдин ишин караган сотко басым жасаган” деген сөздөрдү четке какты. (KKs)