Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Президент Рахмон медресе-мечиттердин көзөмөлүн күчөттү


Тажикстанда мечиттерде жана медреселерде бала окуутууга көзөмөл күчөтүлөт. Президент Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жума күнкү жыйынында медреселер менен мечиттердин ишмердүүлүгү көзөмөл астында болбосо, диний радикализм жайылып, өлкө стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратарын айтты. Атүгүл “кээ бир мечиттер экстремисттер өз катарын жаштар менен толуктоочу жайга айланган” деди президент Рахмон. Тажик лидеринин сөзүнчө, мечиттердин саны орто мектептерден ашып кеткен жана азыр каттоодон өтпөгөн 1250 мечит бар экен.

9-февралда оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы өкмөттү жемсөөлүккө көз жумуп койду, жарандардын диний жана саясый укуктарын бузууда деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG