Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Исламабад: Үч жактуу манилүү сүйлөшүү уланат


АКШнын Исламабаддагы элчилигинин кызматкери камалганына карабастан, Пакистан, Ооганстан жана Кошмо Штаттар аралык “маанилүү” сүйлөшүү улантыла берет. Бул жөнүндө Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 13-февралда маалымдады. Абдул Баст пакистандык эки жаранды өлтүрдү деп айыпталып, абакта отурган америкалык Раймон Дэвис боюнча түшүндүрмө бербеди. Бирок 23-24-февралга мерчемделген сүйлөшүү жекшемби күнү шамдан кийин болорун кулак какты кылды.

Дэвис аларды атайылап өлтүрбөгөнүн, өзүм коргойм деп жатып, жаза кеткенин айтып, мунапыс сураган. Бирок жүздөгөн пакистандыктар демонстрацияга чыгышып, Дэвисти өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG