Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Мегакомдогу" миллиондордун изи оффшордук аймакта


“Мегаком” компаниясына келген жаңы жетекчилер бул ишканадан оффшордук аймакка чыгып кетип жүргөн миллиондогон каражаттар жөнүндө мурда жабык болуп келген маалыматтарды ачыкка чыгарууда.

Компанияга мамлекет тарабынан коюлган жаңы менеджерлер мурдагы команданы миллиондогон каражаттарды оффшордук аймактагы компанияларга тымызын жиберип турган деп айыпташууда. Кеткен команданын өкүлдөрү өз кезегинде компаниянын ишине көз карандысыз аудит жүргүзбөй туруп, уурулук кылды деп айыптоо негизсиз деп каршы болушууда.

“Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа-телеком” ишканасы өткөн жылы апрелде бийлик алмашканга чейин Максим Бакиевге караштуу болуп келген. Апрель окуяларынан кийин Кыргыз өкмөтү аталган компаниянын 49 пайыз акциясын мамлекетке өткөрүп алган. Ал эми 51 пайызын россиялык “Ивентис холдинг” компаниясы талашып соттошуп келатат.

"Азаттык" “Мегаком” уюлдук операторунун жаңы баш директору Азамат Мурзалиевден жана кеткен команданын өкүлү, баш директордун мурдагы орун басары Жылдыз Караталовадан соңку окуялардын чоо-жайын сурадык.

Азамат Мурзалиев: Миллиондордун изин кууп жатабыз

- Азыр кызуу талкууланып аткан маселе, “Мегакомго” жаңы башкаруучу команда мыйзамдуу келдиби деген суроо болууда. Буга кандай жооп айтасыз?

- Каржы полициясы токтом чыгарган, ошол токтомдун негизинде баш директордун биринчи орун басары Бороздин бошотулган болчу. Бул токтом Башкы прокуратура тарабынан дагы мыйзамдуу деп такталган болчу. Ошол эле учурда 20-январдан баштап мен өкмөт тарабынан сырткы башкаруучу болуп коюлган элем. Мурдагы баш директор тарабынан биринчи орун басар болуп дагы коюлган болчумун. Каржы полициясы токтом чыгарганда мен баш директордун биринчи орун басары катары баш директордун милдетин аткарууну мен колума алдым. Акционерлер тарабынан жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин мен баш директор болуп иштемекчимин. Бул чечимдер мыйзам чегинде деп, жаңы команда келип, өз милдетибизди аткарып жатабыз.

- Биз билгенден компаниянын ишин бир жагынан салык инспекциясы, экинчи жагынан Каржы полициясы текшерип жаткан эле. Бир эле учурда компаниянын ишин караган Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Мегакомго” эл аралык аудит жүргүзүүнү, ошондон кийин гана андагы кыңыр иштер жөнүндө маселени кароону чечим кылган эле. Эмне үчүн сиздер эл аралык аудит жүргүзбөй туруп, башкаруучу команданы алмаштырып жибердиңиздер?

- “Мегакомго” карата Каржы полициясы кылмыш ишин козгоп текшерүү баштаганда эле үч адам бошотулган болчу. Алардын ордуна башка бирөөлөр коюлуш керек эле. Ошондой эле Каржы полициясы шекшип жаткандай кыңыр иштер бар болсо, аны иликтөөгө мурдагы коммерциялык директор менен башкы бухгалтер тоскоолдук кылат деген негизде алар дагы кызматынан алынды.

- Ал эми эки орун басардын эмне үчүн бошотулганын дагы ачыктап кетсеңиз.

- Биринчиден, козголгон кылмыш ишине байланыштуу директордун орун басарлары, баш бухгалтери бошотулсун деп Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан буйрук чыгарылган. Ал эми калган менеджерлер өз ордуларында иштеп жатышат. Азыр документациянын баарын толуктап текшерип атабыз. Көз каранды эмес аудит компаниясын чакырып текшертип чыгабыз баарын.
Сырткы башкаруучулар сураган документтерди мурда ала албай келгенибизди айтып коюшум керек. Алар атайын даярдалган жасалма маалыматтарды берип, бирок компаниянын ичиндеги айланган акчалар жөнүндөгү чыныгы маалыматтарды бербей келаткан.

Жанагы он миллион доллар деген сөз кайдан чыкты? Мисалы, компания алты айда жетиз жүз миллион сомго жакын пайда тапкан. Тогуз айда пайда бир миллиард сомдон ашкан. Ал эми жылдын аягында кайра жети жүз миллионго түшүп калып атат. Биз бул маалыматтарды премьерге да жөнөткөнбүз.

Ошол эле учурда мыйзам жолу менен иштейли деген мамлекеттен коюлган сырткы башкаруучуларды иштетпей, коркутуп-үркүтүп, кайтарган күчтөрго айтып офистен чыгарып салабыз деп эскертишкен. Ошондон кийин гана сырткы башкаруучулар тарабынан Каржы полициясына билдирүү берилген.
Жаңы команда келгенден кийин биз мурда жабык болуп келген маанилүү маалыматтарды таап, ачыкка чыгарып жатабыз.

Мисалы, “Белиз” оффшордук аймагында катталган “Монгомери” деген компания бар экен. Ал компания аркылуу убагында Максим Бакиев, Алексей Елисеев 2009-жылы жети миллион доллар акча чыгарып алышкан. 2010-жылы ошол эле схема эч өзгөрүлбөй, ошол эле компания менен иштешип, дагы жети миллион төрт жүз миң доллар чыгарылган. Мунун документтеринин баарын биз тактап, чогултуп койдук. Ушул бир эле компания боюнча 15 миллион доллар офшшордук компанияга которулуп берилген.

Бул жерде эки суроо бар. Же бул акчаларды дагы эле компаниянын мурдагы кожоюндары Максим Бакиев менен Алексей Елисеев алып жатат . Же алар компаниядан чыгарылып кеткен болсо, бул акчаларды “Ивентс телеком холдинг” же ошол эле Силич (“Мегакомдун” мурдагы башкы директору) өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Ушул эки суроого жооп табыш керек.

-Эми бул суроого ким жооп табат, каяктан?

- Биринчиден Каржы полициясы жүргүзүп жаткан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы бул суроого жооп бериши керек. Ал эми ким күнөөлүү, кимдин күнөөсү жок, муну сот чечет.

- Мамлекет жаман менеджер атыгып кетпеди беле Кыргызстанда. Ошондуктан жаңы келген команда кирешелүү компаниянын ишин жөндөй албай, курутуп алабы деп коомчулукта тынчсызданган ойлор болуп жатат. Мамлекет дайындаган команданын компанияны өнүктүрүү планы деги кандай?

- 2011-жылы жаңы инвестиция катарында жаңы 130 базалык станция курулат. Анын негизинде жалаң эле Бишкек, Чүй боору эмес, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана башка алыскы аймактарга дагы инвестиция жетет. Мындан тышкары 3G деп аталган жаңы технология боюнча жүзгө жакын жаңы станцияны алуу боюнча келишимге кол коюлуп, станциялардын алды Кыргызстанга келе баштады. Эң башкысы жаңы командабыздагы адамдар бүт кесипкөй адистер, эл аралык компанияларда иштеп такшалып келгендер.

Жылдыз Караталова: Аудит текшерүү кылбай туруп айыптоо негизсиз

- Жылдыз айым. Мына “Мегакомдогу” жетекчилик алмашты. Жаңы келген команда мурдагы жетекчиликти миллиондогон каражаттарды оффшордук аймакка тымызын жиберип турган деп айыптап жатат. Далил катарында документтерди көрсөтүп жатышат. Бул айыптоонун канчалык негизи бар?

- Массалык маалымат каражаттарында чыгып жаткан маалыматтарга караганда бул жалаң гана оозеки айтылган сөз. Ушундай чоң күнөө коюп, аны далилдеш үчүн аудит жүргүзүш керек, биринчиден. Экинчиден, укук коргоо органдарынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы керек. Андан сырткары депутаттык комиссия дагы иштеп жатат. Алардын баары текшерип бүткөндөн кийин, компаниянын бир жылдык отчету 1-мартта жабылгандан кийин гана ушундай чоң айыптоону койсо болот. Бир эле адам айткан оозеки маалыматка гана ишенип калбастан, текшерүүлөр аяктаганда гана жыйынтык чыгаруу туура болот.

- Өткөн жылы апрелде эле компанияга сырткы башкаруучу коюлган экен. Бирок мурдагы жетекчилик мамлекеттик сырткы башкаруучу менен биргелешип иштегендин ордуна, аны коркутуп-үркүтүп, иштетпей келиптир. Буга сиз эмне дейсиз?

- Апрелден бери ушул убакытка чейин бизде төрт сырткы башкаруучу болду. Ар бир сырткы башкаруучнун бардык документтерди карап чыкканга укугу бар болчу. Мамлекеттик мүлк министрлигинен, депутаттардан келген каттарга биз документ түрүндө жооп бергенбиз. Ал документтердин баары бизде сакталып турат. Азамат Мурзалиев 21-январда сырткы башкаруучу болуп келгенден баштап эле күнүгө эле жаңы доомат арыздар менен чыгып жатты, бир күнү келип туруп салык жагын текшерүү керек дейт, бир күнү он миллион уурдалды дейт. Эртеси күнү Каржы полицияны чакырды. Ал келгенден баштап эле бир жуманын ичинде эле чоң окуялар болуп кетти.

Мунун баары биздин компаниянын беделин түшүргөн терс көрүнүштөр болуп жатат. Бирок компания канчалык эффективдүү иштеген-иштебегенин төлөнгөн салыктын көлөмүнөн деле билсе болот. 2006-жылы эки миллион төксөк, 2007-жылы жүз миллион, 2008-жылы үч жүз миллион, беш миллион, жети жүз миллион болуп көбөйүп, акыры 2010-жылы бир миллиард сом бердик мамлекеттик казынага. Биз эмки жылга бир миллиард 200 миллион сом берүүнү пландап жатканбыз.

- “Мегакомдогу” миллиондогон акчалар оффшордук компанияларга кетип жаткан турбайбы. Ал акчалар эмне үчүн, кандай негизде которулуп жатканын сиз билчү белеңиз?

- Сөз австриялык-россиялык CNTV компаниясы жөнүндө болуп жатса керек. Алардын штаб-квартирасы Австрияда Венада. Эми оффшордук аймакта он миңдеген компания катталган. Анын баары эле Максим Бакиевдин компаниясы деп айтуу туура эмес. Булар IT компаниялар. Мисалга алсак, абоненттерге технологиялык жаңы кызматтарды көрсөтүү, электрондук документ жүргүзүү, мына ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр бар. Биздин Кыргызстанда, тилекке каршы, ушундай алдыңкы технологиялык кызмат көрсөткөндөр жок. Бизде технологиялык андай инфраструктура дагы жок. Ошондуктан чет мамлекеттен алып келүүгө мажбур болгонбуз. Өнүккөн мамлекеттерде алардын баасы жогору болот экен. Мунун баарын аудит текшериши керек.

Менин оюмча компаниянын жакшы же жаман иштегенин, өнүгүү динамикасын кардарлардын санынын өсүшү, салыктар менен кирешенин өсүшү көрсөтүп турат. Көп эле социалдык долбоорлорду иштеттик. Мисалы, адегенде социалдык долбоорлорго 5 миллион сом жумшап, элге жардам берсек, 2010-жыл бул сумма 20 миллионго жетти. Келерки жылы социалдык иштерге 30 миллион сом жумшайлы деп пландап жатканбыз.

-Эми “Мегаком” ишканасына жаңы команданын келиши менен кирешелүү компаниянын келечек тагдырын сиз кандай элесетип жатасыз?

- Келечеги кандай болот, билбейм. Ушундай бир ири компаниянын бедели, өнүгүшү чоң коркунучта турат. Биз, кеткен менджерлер, албетте, жумушсуз калбайбыз. Бирок ушундай окуялар биздин өлкөдөгү инвестициялык климатка терс таасир кылбай койбойт.

XS
SM
MD
LG