Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Йеменде демонстрациялар уланууда


Борбор Санада бүгүн жүздөгөн жаштар президент Али Абдалла Салехтин сарайына жүрүш жасашты. Нааразылык акциялары тынбай уланып жатканына бүгүн төртүнчү күнгө аяк басты. Ага студенттер активдүү катышууда. Кечээ борбор Санада да жана Таэз деген шаарда оппозициячыл күчтөр менен президенттин жактоочулары кагылышып, бир нече киши жаракат алган. Али Абдалла Салех президенттик кызматта олтурганына 32 жылдын жүзү болду. Ал азыркы бийлик мөөнөтү аяктоочу 2014-жылы кайра шайланууга барбоону убада кылган. Бирок оппозиция бул убаданы жетишсиз деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG