Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

«KG» домендик зонасынын тагдыры талкууланат


Буга байланыштуу тегерек үстөл жыйыны «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук уюму тарабынан уюштурулууда. Анда kg домендик зонасынын баасы, ага ким ээлик кылуусу керек деген маселелер менен катар Кыргызстандагы интернет айдыңынын өнүгүшү, интернетти көзөмөлдөө максаты менен мамлекет тарабынан болуучу бут тосуулардан коргоо жана башка маселелер да каралмакчы. Жыйынга Кыргызстандагы байланыш операторлору, интернет-провайдерлердин өкүлдөрү катышат, мындан тышкары Кыргызпатенттин жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери чакырылган.

KG домендик зонасынын ээси катары 1994-жылдан бери «Азия инфо» жеке ишканасы эсептелип келген. 2009-жылы апрель айында президенттин буйругу менен аталган домендик зонага көзөмөлдүк кылуу укугу Кыргызпатентке берилген. Бул 2010-жылы декабрь айында мамлекет башчы Роза Отунбаеванын буйругу менен жокко чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG