Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Урмат Барктабасовдун соту уланууда


Ушул тапта Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда президенттикке мурдагы талапкер Урмат Барктабасовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Урмат Барктабасов былтыр 4-августта кармалган. Ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. Барктабасов баштаган жүздөгөн адамдар 4-августта Элдик курултай өткөрүү максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканда алардын алдын милиция тоскон. Натыйжада эки тарап кагылыша кетип, милиция аларды күч менен кууп тараткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG