Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Н. Пиллай: Орусияда адам укугу артка кетүүдө


Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Жогорку комиссары Орусияда адам укугу "олуттуу начарлап кеткенин" эскертти. Мындай билдирүүнү Нави Пиллай айым Москвадагы биринчи расмий сапары маалында жасады. Анын айтышынча, журналист Анна Политковскаянын, укук коргоочу Наталия Эстемированын жана абакта өлгөн адвокат Сергей Магницкийдин өлүмү боюнча тергөө “жабык, карама-каршылыктуу болуп, аягына чыккан эмес”. Нави Пиллай 17-февралда президент Дмитрий Медведев жана башка жетекчилер менен кездешкенден кийин, кээ бир мартабалуу аткаминерлер Орусияда адам укугунун абалы жакшырбастан, артка кеткенин моюнга алышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG