Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Кыргызстандын президенти 30 миң сом айлык алат


Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын айлык акысы 30 миң сомду түзүп, ар кандай кошумча төлөмдөрдү кошкондо 50-60 миң сомго жакындап барат. Бул мурдагы президент К.Бакиевдин айлык акысына салыштырмалуу 20 миң сомго аздык кылат.

Андан тышкары президенттин аппарат кызматкерлери мурда 200 ашуун болсо, азыр 117 болуп кыскарган. Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, президент чет элдик жана өлкө ичиндеги иш сапарларда, башка чараларда да каражаттарды үнөмдөөгө аракет кылууда. Маселен, Р.Отунбаева былтыр Нью-Йоркто өткөн БУУнун саммитине катышуу үчүн катардагы жүргүнчүлөр түшкөн учакка отуруп, өзүнчө учактан баш тартып, 150 миң доллар үнөмдөгөн.

Президенттин аппаратынын 2011-жылга карата бюджети 829 512,1 сом суммасында каралган. Бул каражат “Учурдагы бюджет” (606 305,2 сом) жана “Атайын каражаттар” (223 206,9 сом) деген эки бөлүктөн турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG