18-февралда Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев эл аралык каржы донорлору менен жолугушту. Анда өкмөт башчы өлкөдөгү саясий, экономикалык абал тууралуу маалымат берип, Кыргызстан эл аралык донорлордун каржы жардамына муктаж болгонун белгиледи. Алмазбек Атамбаевдин маалыматына ылайык, 2011-жылы бюджеттин таңсыктыгы 21,2 миллиард сомду түзөөрү күтүлүүдө. Бул таңсыктык Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 8,7 пайызын түзмөкчү. Маалыматка ылайык, 2011-жылдын бюджетинин кирешеси 68,5 миллиард сом болсо, чыгышасы 89,7 миллиард сомду түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)