Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Бахрейндин борборунда өкмөткө каршы нааразылык акция уланууда


Кечээ кечинде демонстранттар кайрадан ордо калаа Манаманын Бермет аянтына кайтып барып, чатырларга жайгашты. Оппозиция менен ханзада Салман бин Хамад ал-Халифа бүгүн сүйлөшүүлөрдү башташат деп күтүлүүдө. Бир жумадан бери уланып келаткан көчө чыгуулары кагылышуулар менен коштолуп, бери дегенде 6 киши каза болду. Ишембиде жасаган телекайрылуусунда ханзада сабырдуулукка жана саясйи диалогго чакырды. Анын алдында оппозициянын талабына ылайык, аскерлер көчөлөрдөн чегинген.

XS
SM
MD
LG