Бул тууралуу оппозициянын ар кыл интернет сайтттарындагы кабарларда айтылат, бирок мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн болгон жок. Тегеранда 14-феврадалдагы кагылыштагы эки демонстрантттын өлүмүнө байланыштуу, Ирандын оппозициясы кечээ нааразылык акцияга чыккан эле. Ушул эле күнү Германияда иран оппозициясынын 100гө чукул өкүлү Ирандын Франкфурттагы консулатын таш бараңга алып, терезелерин талкалашты.