Бүгүн президент Роза Отунбаева Нарындагы иш сапарынын алкагында Ат-Башыда райондун жетекчилери менен жолугушуп, аймакты өнүктүрүү боюнча сунуштарын укту. Кабарчыбыздын маалымдашынча, анын алдында президент жергиликтүү эл менен учурашты, анда атбашылыктар аймакта бажы терминалын куруу зарылдыгын айтышты. "Эгер терминал курулса Кытайдан ташылып келген товарлар ошол жерге түшүрүлүп, андан кыргыз базарларына башка унаа менен жеткирилет. Мунун натыйжасында үч миңдей жумушчу орун түзүлөт жана Кытайдын оор жүк ташыган унаалары жолдорду талкалап жатат деген доомат азаят", - дешет жергеликтүү эл. (EBM)