Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Казакстанда чукул шайлоого 32 млн доллар сарпталат


Казак өкмөтү 3-апрелдеги чукул шайлоого 4.7 миллиард тенге, же 32 миллион доллар ажыратты. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкуловдун Астанада кабарчыларга айтышынча, бул каражат 2005-жылдагы президенттик шайлоого караганда дээрлик 12 миллион долларга көп. Турганкулов шайлоо жараяны 3-мартта башталаарын билдирди. 22 болжолдуу талапкерден бүгүнгө чейин Борбордук Шайлоо комиссиясы бир гана президент Назарбаевди каттады. Сегиз талапкер арыздарын кайтарып алышты же тил экзаменден өтпөй калды.

XS
SM
MD
LG