Бул тууралуу аталган банктын төрага орун басары Азамат Жоробеков бүгүн Жогорку Кеңеште Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Айыл Банкка” кыргыз өкмөтү 300 миллион сом бөлгөн, бирок каражат азырынча келе элек.
Өкмөт быйылкы айдап-себүү иштерине жергиликтүү дыйкандарга бир жылга 9 пайыздык үстөгү менен насыя берилерин маалымдаган. Бул үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөнү жатат. Дыйкандар жеңилдетилген насыяны март айынан тарта төрт коммерциялык банктан - “Айыл Банк”, “Кыргызстан”, “Эсеп-сактык Банк” жана “Азия Банктан” ала алышат. (EBM)